23 мар 2019
Балалык – бул баланын жашоосунун эң сонун жаркыраган учуру катары эсинде кала турган кубанычтуу жана укмуштуудай сонун мезгили. Мен дагы таттуу балалыктын доорун сурдум.Эн сонун,эн таттуу кундорум ушул балалык чагымда отконун азыр билип,азыр сезип, сагынып отурам...😔 Учурунда бааланбай калган балалык чагымда эмнелер гана болгон жок.Эртен менен чыккан бойдон кечинде уйго киресиң.Топурак,чан,баткак болуп.Анан чоңоюп эс тартып калган сайын уйдогу жумуштарды бутуруп алып,кошуна досторун болуп көчө-көчө чогулуп алып,оюндардын турун ойнойсун:жашынмак,орто топ,картошка,ак чөлмөк ж.б.,ызылдашып эле,бирде таарынышып,бирде жарашып жургон кундор... Учурунда шаңга бай айылым негедир азыр сумсайыңкы сезилет.Мурункудай эмес... Шаңга толуп,топурап ойногон бала жок... Тезирээк ушул айылдан кетсем экен деп уйдогулор урушуп койсо таарынып жатып калчу элек.Бишкек,Бишкек деп эле!!! Бишкек сага баарын кыйратып койчудай.Мына ушул жакка келгенде накта жашоо башталат дагы,айылдын,ата-эненин баркын билесиң!!
Бакытова Нуриза
1:00